Үй жаныбарлары кеңсеге келсе болот

Үй жаныбарлары кеңсеге келсе болот
4-Окт. 2018, Бейшемби, 13:31

Италиянын борбору Римде муниципалитетке караштуу Рим коммунасында иштегендер кеңселерение үй жаныбарларын ала келсе болот.

Буга Экология жана саламаттыкты сактоо министрлиги узак иштерден кийин гигиеналык талаптарды аткаруу шарты менен уруксат берди.

Ага ылайык үйлөрүндө ит, мышыктары барлар белгилүү күндөрдө кеңселерге ээрчите келишет. Аталган коммунада бул ийгиликтүү болсо башка аймактарга да Экология жана саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө уруксат берилет.

Иш жерине келе турган ит, мышыктардын күбөлүгү менен бирге эмдөөлөрдөн өткөнүн тастыктаган ветеринардын кагазы талап кылынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!