​Байлар жарышы: Джефф Безос Билл Гейтсти артка таштады

​Байлар жарышы: Джефф Безос Билл Гейтсти артка таштады
4-Окт. 2018, Бейшемби, 13:50

"Forbes" журналы Американын байлары боюнча 2018-жылдын рейтингин чыгарды. Бул тууралуу “Bloomberg” басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган рейтингге Американын 400 ишкери кирген. Рейтингдин сап башына Amazon компаниясынын жетекчиси Джефф Безос чыгып 24 жылдан бери биринчиликти бербей келген Билл Гейтсти артка таштады.

Ошондой эле Джефф Безос 100 млрд доллардан ашык байлыктын ээси болгон биринчи америкалык болуп калды. Анын учурдагы жалпы байлыгы 160 млрд. долларды түзөт. 2018-жылы эле анын компаниясынын акциясынын наркынын жогорулоосунун аркасында байлыгы 78,5 млрд. долларга көбөйгөн.

Ал эми рейтингге катышкан 400 байдын байлыгы 2,9 трлн. долларга жеткен же өткөн жылга салыштырмалуу 7 пайызга өскөн. Орточо алганда 7,2 млрд. долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!