Абактан тик учак менен качкан адам кармалды

Абактан тик учак менен качкан адам кармалды
4-Окт. 2018, Бейшемби, 15:48

Францияда куралдуу үч киши жаза өтөөчү жайдын короосуна кондурган тик учак менен качкан камактагы Редуан Фаид үч айга созулган издөөнүн натыйжасында кармалды.

“France Info” радио тармагынын маалыматына караганда 25 жылга эркинен ажыратылган 46 жаштагы Редуан Фаид Креил шаарынан жанында 4 киши менен кармалган. Бул боюнча операцияга 100гө жакын полиция көп сандаган унаалары менен аймакты курчоого алган. 1-июлда Париждин түштүгүндөгү Reau жаза өтөөчү жайынын короосуна тик учак түшүргөн куралчан 3 киши алгач түтүн бомбасын жардырып, темир кескич менен кескен каалгадан Фаидди чыгарып кетишкен.

Куралдуу адамдар туткунга алган тик учактын учкучун кое берип, кара түстөгү унаа менен кетишкенин аныкталган.

Көптөгөн кылмыштарга аралашкан, 2010-жылы банктын унаасына болгон кол салууда 26 жаштагы полиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн 25 жыл камакка алынган Фаид өмүр жолу, карактоо иштери тууралуу китеп жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!