Дүйнөлүк лидерлер доллардан баш тартышууда

Дүйнөлүк лидерлер доллардан баш тартышууда
5-Окт. 2018, Жума, 10:07

Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү долларды пайдалануудан баш тартып, АКШнын санкцияларын айланып өтүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмдерди изилдешүүдө. Ал эми АКШ долларга деген суроо-талапты кандай сактап калуу керектигин ойлоно баштады.

Россия жылдын башында АКШнын бардык карыз кагаздарынан кутулуп, Түркия, Кытай улттук валюта менен алышып-беришүүдө. Азыр долларсыздандыруу процессин жүргүзүп жатат.

Европа өлкөлөрү да АКШнын акылга сыйбаган аракеттеринен чарчаган. Азыр Евросоюз өлкөлөрү Иранга байланыштуу санкцияларды айналып өтүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмдерди караштырылып жатат.

Албетте, негизги резервдик валютадан баш тартуу процесси тез ишке ашып кетпейт. Бирок дүйнөлүк көч башчылардын сөздөн ишке өтүп жаткандарын көрүп жатабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!