Казакстандыктар Ангела Меркелге кайрылышты

Казакстандыктар Ангела Меркелге кайрылышты
5-Окт. 2018, Жума, 11:18

Кытайдагы туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турган казакстандыктардын тобу Германиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Ангела Меркелге жолдонгон кайрылуусун беришти. Анда алар немис лидеринен туугандарын «туткундан» бошотууга жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Германия консулдугунун алдына чогулган ондогон адам колдоруна Кытайда репрессияга туш болуп, «кайра тарбиялоо лагерлеринде» камалып турган туугандарынын сүрөттөрүн кармап алышкан.

Сентябрдын аягында Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан көчүп келип казак жарандыгын алган ондогон адам Алматыдагы мейманканалардын биринде маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Алар Кытайда кармалган туугандарын бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга кайрылышкан. Мындан тышкары алар кайрылууну Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине дагы жолдошкон.

Бул Кытайдагы туугандары жоголуп, «саясий жаткан кайра тарбиялоо» жайларында кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирип чыккан адамдардын алгачкы тобу эмес. Синьцзянда этникалык азчылык өкүлдөрү жапырт кармалып, «кайра тарбиялоо» лагерлерине жеткирилип жатканы жөнүндө эл аралык укук коргоо уюмдары менен дүйнөлүк ЖМКлар дагы билдиришкен. Кытайдагы этникалык казактар кысымга алынып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден тарта айтыла баштаган.

Пекин бул айыптоолорду четке кагып, Синьцзяндагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерин» адамдар билим алып, деңгээлин жогорулата турган борборлор деп атап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!