Селфиден көз жумгандардын санын аныкташты

Селфиден көз жумгандардын санын аныкташты
5-Окт. 2018, Жума, 12:32

Селфини сүйүүчүлөр көбүнчө чөгүп, бийиктиктен кулап, унаа сүзүп көз жумушат. Мындай жыйынтыкты индиялык илимпоздор чыгарганын “Washington Post” жазып чыкты.

Нью-Делиде медицина илимдери боюнча индиялык институттун окумуштуулары 2011-жылдын октябрынан 2017-жылдын ноябрына чейинки селфиден көз жумгандардын статистикасын изилдеген. Ага ылайык акыркы алты айда дүйнөдө селфиден улам 250 адам көз жумган.

Сүрөткө түшүүнүн мындай ыкмасын жактыргандардын көбү чөгүп, түрдүү унаалар же келе жаткан поездин алдында калат. Бийиктиктен кулаган учурлар көп кездешет.

Изилдөөчүлөрдүн айтмында мындай учурлар Индияда көп катталса, кийинки орундарда Россия, АКШ жана Пакистан турат.

Курмандыктардын 85 пайызы 10дон 30 жашка чейинкилер.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!