Китепканадан алган китепти 84 жылдан кийин кайтарды

Китепканадан алган китепти 84 жылдан кийин кайтарды
5-Окт. 2018, Жума, 14:05

АКШнын Луизиана штатындагы Шривпорт шаарындагы китепканадан бир аял 1934-жылы 11 жашында алган басылманы анын небереси 84 жылдан кийин кайтарды.

“Shereve Memorial” китепканасынан алынган ыр китепти аялдын небереси үй тазалап жатып таап алган.

3 доллар айып пул

Китепкананын өкүлү кечиктиргендерге 3 доллар айып пул салынарын, бул каражат анын небересинен алынганын жазды.

Басылманын сүрөттөрү мекеменин Facebook тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!