​Автобустар кагышып 13 адам каза болду

​Автобустар кагышып 13 адам каза болду
5-Окт. 2018, Жума, 17:08

Россиянын Тверь шаарына жакын жерде болгон унаа кырсыгы 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка карганда, 5-октябрдын таңында "Ford" үлгүсүндөгү кичи автобус каршы тилкеге чыгып кетип, каршы тилкеде келе жаткан автобус менен кагышкан. Аталган кырсыкта "Ford" үлгүсүндөгү кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана айдоочусу каза болгон. Мындан тышкары 17 киши жаракат алып, айрымдары ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсык болгон жерде жабыркаган жана каза болгон жүргүнчүлөрдүн тек-жайы, окуянын себептери иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!