Нобель тынчтык сыйлыгынын ээлери аныкталды (видео)

Нобель тынчтык сыйлыгынын ээлери аныкталды (видео)
5-Окт. 2018, Жума, 17:09

Нобель Тынчтык сыйлыгына конголук хирург Денис Муквеге жана ирактык укук коргоочу Надя Мурад ылайыктуу деп табылды. Нобель комитети аларды сексуалдык зомбулукту согуштун куралына айландырууга болгон каршылыктар бириктирерин билдирген.

Эки лауреат тең бул согуштук кылмышка коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, аны менен күрөшүп келет. Денис Муквеге өмүрүн өзүнүн бейтабын коргоого арнаса, Надя Мурад зомбулукка күбө болгон жана ал тууралуу ачык айткан.

Муквеге жана Мурад буга чейин Европадагы Сахарова сыйлыгына татыктуу болушкан. Денис Муквеге Конго Демократиялык Республикасында гинеколог. Анын бейтаптары сексуалдык зомбулуктун курмандыктары. Аларды психологиялык реабилитациядан өткөрүү башкы милдеттеринен.

Надя Мурад — Ирактык езид элинен. Ал согушкерлердин тобунда көп айлар бою сексуалдык кулчулукта жүргөн. Эми өз коомчулугунун укугун коргоп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!