2 жаштагы бала ата-энеси чогулткан акчаны майдалаган

2 жаштагы бала ата-энеси чогулткан акчаны майдалаган
5-Окт. 2018, Жума, 17:44

АКШнын Юта штатында 2 жаштагы бала ата-энеси чогулткан миң доллардан ашык акчаны оюнчук көрүп, кагаз туураган түзүмгө салып жиберген.

“New York Post” гезитиндеги кабарга ылайык жубайлар Бен жана Жек чогулткан 1060 долларлык банкнотун Лео аттуу эки жаштагы уулу машинкага салып майдалаткан.

Алар акча салынган конверттин үйдүн таппай, кагаз туурагычтан тапканда ачууланганын жашырган эмес.

Бен майдаланган доллардын сүрөтүн “Twitter” тармагындагы баракчасына чыгарган. Юта университетинде Америка футбол оюндарын көрүү үчүн ата энелеринен карыз алганын, анын ордуна бере турган акчасын уулу жок кылганын жазган.

АКШнын Казына министрлигине караштуу Басма бюросуна кайрылып, тууралган акчаны берсе жоголгон сумманы толугу менен же жарымын кайртарын берери жубайларга кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!