Интерполдун жетекчисине издөө жарыяланды

Интерполдун жетекчисине издөө жарыяланды
6-Окт. 2018, Ишемби, 13:15

Эл аралык Интерпол уюмунун жетекчиси президенти Мэн Хунвэй изделип жатат. Жубайы Мэн акыркы жолу Кытайга кетүү үчүн жолго чыккандыгын, учакка түшүп түшпөгөнү боюнча маалыматы жок экенин айткан. Ошондой эле ошол күндөн бери кабарлаша албай жаткандыгын кошумчалаган.

Франция полициясы бул боюнча кайрылууну кабыл алып, териштирүү иштерин баштады.

Кытайдын мурдагы коопсуздук министринин орун басары сыяктуу жогорку кызматтарда иштеп келген Мэн Хунвэй 2016-жылдан бери Интерполду жетектеп келет.

Коопсуздук тармагында 40 жылдык тажрыйбасы бар жетекчинин аталган уюмдагы милдети 2020-жылы аяктамак.
Мэн Хунвэй 2016-жылы Эл аралык Интерпол уюмунун президенти болуп шайланган алгачкы кытайлык болгон.

2017-жылы уюмдун 86-башкы жыйыны Кытайда өткөн эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!