Япониянын Токио шаарында Тажикстандын президентинин кортежи жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Япониялык “Fuji TV” каналы билдирген.
Маалыматка караганда, 4-октябрда Токионун Нагата районунда Эмомали Рахмондун кортежин кичи автобус келип сүзгөн. Полицинын билдирүүсүнө караганда автобусту үйрөнчүк айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыкта президент жабыркаган эмес. Бирок кырсык болгон учурда унаада Тажикстандын президенти бар-жок экени тууралуу айтылган эмес.
Эскерте кетсек, 3-октябрда Эмомали Рахмон Японияга расмий иш сапары менен барган.