АКШ S-300төрдө колдонулган технологияларды уурдады

АКШ S-300төрдө колдонулган технологияларды уурдады
6-Окт. 2018, Ишемби, 15:56

Россиянын Коргоо тармагы боюнча Алмаз-Антей ишканасы мурдагы жетекчиси Игорь Ашурбейли АКШнын Patriot ракета системасын өнүктүрүү үчүн S-300 абадан коргонуу системаларында колдонулган технологияларын уурдагандыгын айтты.

Звезда телеканалындагы программада айткандарында Игорь Ашурбейли S-300 системаларын АКШнын Patriot системаларынын акыркы версиялары менен салыштырууга болорун белгиледи.

“Россия S-400 ракетадан коргонуу системаларын чыгарганда АКШ тынчызданды. Бир нече өзгөчөлүктөрүн уурдап бүгүнкү абалга жетишти”,-деди.
“S-400 жана S-500төрдүн атаандашы жок”
S-400 жана S-500 системаларынын атаандашы жок экенин баса белгилеген Ашурбейли Сирияга жайгаштыруу боюнча пикирлерин билдирди.

S-300төр колдонулган ракетанын түрүнө байланыштуу Сирия аба мейкиндигинин 150-250 чакырымын камтууга жөндөмдүү экенин белгилеген жетекчи “Эгер S-300төр 2013-жылы жайгаштырылганда Израилдин F-16лары Сирия аба мейкиндигинде каалагандай уча алмак эмес. Россиянын Ил-20 учагы атып түшүрүлгөн сыяктуу окуялар болмок эмес”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!