Дагы бир экс-президент эркинен ажырады

Дагы бир экс-президент эркинен ажырады
6-Окт. 2018, Ишемби, 16:54

Паракорчулук, өзүнө акчаны адалдоо жана кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталган Түштүк Кореянын президенти Ли Мён Бакка 15 жыл абак жазасы берилди. 2008-2013-жылдар аралыгында өлкө башында турган Лиге 11,5 миллион доллар айып пул салынды.

“BBC” кабарына ылайык Сеул соту Лини Samsung компаниясынын жетекчисине мунапыс бергени үчүн электрондук ишканадан пара алганы үчүн айыптады. Ал абак жазасын алган төртүнчү экс-президент болду.

Саламаттыгында көйгөй болуп жатканы билдирилген Лее акыркы сот жыйынына катыша алган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!