NASAдан эскертүү: Жер тоңот

NASAдан эскертүү: Жер тоңот
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 13:29

Американын Аэронавтика жана Космос башкармалыгы (NASA) жаңы климат боюнча рапорт жарыялады. Анда 18-кылымда болгон “Муз доору” кайталанышы мүмкүн экени жазылган.

NASA жарыялаган жаңы климаттык изилдөөдө жайында рекорддук көрсөткүчтөгү ысыкка кабылган Жер катуу суука калары болжолдонгон. Мындай катаал аба ырайы азыркы Космос доорунун Муз доору деп атагыдай деңгээлге жетет.
Адистер Күндүн эң тышкы катмарында пайда болгон Күн тактарын жана Жердин эң үстүңкү атмасферасындагы термосфера катмарын изилдеген. Анда бул катмар муздап калганын, Күндүн тактары эң төмөнкү кыймылда экени белгилүү болгон.

11 жылдык мезгилдерде азайып көбөйүп турган бул тактар климаттын шарттарында маанилүү роль ойнойт. Тактардын аз же эч байкалбаганы Жердеги ысыктын деңгээлине таасир этет.


Адистер Күндө ушундай абал 18-кылымда кездешкенин, тарыхта “Чакан муз доору” катары катталгандыгын эске салып, “Процесс мындай уланса бир нече ай ичинде Космос доору катуу суукка даярданууга туура келет”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!