НАТО гибрид борборун курууга киришти

13-Апр. 2017, Бейшемби

Европа биримдиги (ЕБ) жана НАТОго мүчө тогуз мамлекет кибердик кол салуу, үгүттөө жана маалыматтарды бурмалап берүү сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшүү максатында Хельсинки шаарында борбор курууну пландады.

Ага мүчө болууну каалаган АКШ, Англия, Франция, Германия, Швеция, Польша, Литва жана Латвия мамлекеттеринин өкүлдөрү ниет келишимине кол коюшту. Бул түзүлүшкө июль айында жаңы мамлекеттер кирери күтүлүүдө.

Гибрид борбору кадимки согуштан азыраак зыян келтирген деп эсептелген кибердик чабуул, үгүттөө, маалыматтарды бурмалоо сыяктуу коопсуздукка зыян келтирген көрүнүштөр менен күрөшөт.


Хельсинкидеги борбордо мүчө мамлекеттердин бул тармактагы адистери иш алып барат. Жылдык бюджети 1,5 миллион евро болору, каражаттын жарымын Финляндия тарап чыгарары белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!