Аскердик кампа жарылды

Аскердик кампа жарылды
9-Окт. 2018, Шейшемби, 12:58

Украинанын Чернигов областында аскердик кампада жарылуу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөр башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлаган. Окуя Ичня шаарына жакын жерде катталган.

Арсеналдын аймагы 682,6 гектар болсо, анын 402 гектары техникалык территория болуп эсептелет. Жарылуунун масштабы такталууда. Жабыр тарткандар боюнча маалыматтар түшө элек.

Окуя болгон аймакка барчу поезд жана авто унаалар токтотулуп, аба мейкиндиги жабылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат он миң тургунду көчүрдү.

Окуя болгон жерге өлкөнүн премьер-министр Владимир Гройсман барды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!