Антарктидада 2018-жылы аэродром курулат

13-Апр. 2017, Бейшемби

Кытайлык аэродромду Антарктидада куруу иштери 2018-жылы башталаары тууралуу Кытайдын мамлекеттик океонология бөлүмүнүн астындагы Түндүк уюл институтунун изилдөө директорунун орун басары Сунь Бо маалымат берди. Маалымат “Риа Новости” сайтынан алынды.

2016-жылдын 2-ноябрында башталган Кытайдын 33-арктикалык экспедициясы ушул жумада аяктады. Муз жаргыч кеме "Сюэлун" ("Кар ажыдаар") 256 экспедиция мүчөлөрү менен 161 күн ичинде 31 миңге жакын деңиз үстүндөгү аралыкты сүзүп өткөн.

Аэродром кытайлык арктикалык станциясы болгон "Чжуншань"да орун алат. Аэродромдун курулушу 34-артикалык экспедициядан кийин башталат. Кийинчерээк кошумча учуу тилке жолдору, чоң учактар үчүн жана лыжасыз конууга мүмкүн болгудай курулат.

Кытай арктикалык илимий изилдөө экспедициясы 1999-жылы башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!