Жалгыз миллионер уурдалды

Жалгыз миллионер уурдалды
12-Окт. 2018, Жума, 11:51

Африка континентинин эң жаш миллиардери катары белгилүү ишкер Мохаммед Дьюджи Танзаниянын Дар-эс-Салам шаарында куралчан адамдар тарабынан уурдалды.

43 жаштагы ишкер бейшемби, 11-октябрда эртең менен спорт зал жайгашкан мейманкананын алдындан уурдалган.

“BBC Türkçe” кызматынын кабарына ылайык окуяга шектүү 3 адам кармалды.

“Forbes” журналынын рейтинги боюнча 1.5 миллиард долларлык байлыгы бар Мохаммед Дьюджи 2016-жылы байлыгынын жарымын кайрымдуулукка багыштай турганын билдирген.

Үй-бүлөсүнүн ишканасын бүтүндөй Африкада иш кылган холдингге айланткан Дьюджинин континенттин 6 мамлекетинде текстиль, ун жана май чыгарган заводдору бар.

Ишкердин досу жана Экология министри Январь Макамба ишкердин атасы менен сүйлөшкөнүн айтып, анын уурдалганын тастыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!