Идлиб мыйзамына Россия каршы добуш берди

13-Апр. 2017, Бейшемби

АКШ, Англия жана Франция тарабынан Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун аймагына болгон химиялык кол салууну сынга алган, аны иликтөөнү талап кылган мыйзам долбоору даярдалган. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде добушка коюлган аталган долбоор Россиянын ветосуна улам кабыл алынган жок. Россия менен бирге Коопсуздук кеңештин убактылуу мүчөлөрүнөн Боливия каршы, ал эми Кытай, Эфиопия жана Казакстан калыс добуш берди.

Долбоордо Химиялык куралдарга тыю салган уюмдун (OPCW) кол салууну ишке ашыргандарды табуусу, аларды суракка алуусу талап кылган. Ошондой эле Асад бийлигинен 4-апрелдеги абадан кол салууларга байланышкан бардык учуулар тууралуу маалыматтар зарыл экендиги жазылган. Аны менен бирге химиялык кол салууга шектүү жайларды иликтөөгө уруксат бериши керектиги маалымдалган.

Долбоор 10 мамлекеттин колдоо тапканына карабастан туруктуу мүчөлөрдөн Россиянын ветосунан улам кабыл алынган жок. Коопсуздук кеңешинде долбоордун кабыл алынышы үчүн 15 мүчөдөн тогузунун макулдугу керек. Ошондой эле туруктуу мүчөлөрдөн АКШ, Россия, Кытай, Англия жана Франциянын бирөөсү да вето укугун колдонбошу зарыл эле.

Россия Сирияда ички согуш боюнча чечимдерден сегизинчи ирет баш тартып жатат. Анткен менен буга байланыштуу өзү даярдаган долбоорду Коопсуздук кеңешине сунуштады. Бирок качан добушка коюлары азырынча белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!