Япониядан жакшы жаңылык: Чет элдиктер жумушка алынат

Япониядан жакшы жаңылык: Чет элдиктер жумушка алынат
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 12:04

Япония калкынын басымдуу бөлүгүн улгайгандар түзгөндүктөн айрым тармактарда жумушчу күчү жетишсиз болууда. Андан улам дасыккан чет элдик жумушчуларга үй-бүлөлөрү менен бирге өлкөдө жашаганга уруксат берге программанын үстүндө иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө жогорку билимдүү адистерге гана иштегенге уруксат берилсе, эми квалификациялуу жумушчуларга каалгасын ачуу боюнча миграция мыйзамдары каралууда.

Эки башка иш статусу

“Euronews” сайтындагы кабарга ылайык келерки апрель айында өкмөт күчүнө киргизгени жаткан программада эки деңгээлдеги иштөө жана жашоого уруксат болот. Мындай укукка ээ болгондор беш жылга жарактуу виза алганы менен үй-бүлөлөрүнө өлкөгө келүүгө уруксат жок.

“Жогорку квалификациялуу” жумушчулар же экинчи иштөө уруксаты берилгендердин үй-бүлөлөрү Японияда туруктуу жашай алышат.

Министрликтин сынактары жана тилдин деңгээлин текшерүү

Эки программа боюнча кайрылгандар күнүмдүк япон тилин билүү деңгээлин текшерген сынакка катышат. Тиешелүү министрликтердин сыноолорунан ийгиликтүү өтүшү зарыл.

Кайсы тармактарда иш табылат?

Өкмөттүн булактары жумушуу күчү айыл чарба, курулуш, медицина жана улгайгандарды багуу сыяктуу ондон ашык тармакта иш бар экенин билдирген.

Кытайлар көп келет

Японияда чет элдик жумушчулардын саны 2012-жылы 680 миң болсо, өткөн жылы эки эсе өсүп, 1.28 миллионго жетти.

Расмий маалыматтар боюнча алардын 372 миң 263ү кытайлыктар, кийинки орундарды вьетнамдар, филипиндер, бразилиялыктар жана Непалдан келгендер түзөт.

Япониядан баш паанек сураган жарандарга жумушчу визасы аз санда берилет. Өзгөчө депортациялангандар, өлкөгө киргизүүдөн баш тартылган жарандар мындай укуктан пайдалана албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!