1000 долларга бала сатып жатып кармалды

1000 долларга бала сатып жатып кармалды
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 16:08

Индонезиянын полициясы Instagram тармагында миң долларга бала сатып жаткан топтун үч мүчөсү менен бир кардарын камакка алды.

Полициянын маалымат кызматынан Барунг Мангера камалгандар Instagram баракчасынын ээси 29 жаштагы киши, сайтка сүрөттөрдү жайгаштырган 22 жаштагы аял жана акушерка экендигин айтты. Индонезия мыйзамдарына ылайык алар 15 жылга чейин эркине ажырашы мүмкүн.

“C86: Бир айлык жана мусулман”

Полициянын айтымында топтун мүчөлөрү Интернет аркылуу жаш жана үй-бүлөсү жок кош бойлуу аялдарга кеңеш берип, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүгө жардам көрсөтөрүн жазышкан.

Тармакта 700дөн ашык колдонуучусу болуп, бир жылдан бери активдүү иш алып барганы белгилүү болду.

15-сентябрдагы акыркы билдирүүсүндө "C86" аттуу ымыркайдын сүрөтүнүн астына "Бир айлык жана мусулман” деген маалыматтарды жазып, байланышууга Whatsapp номерин калтырган.

Instagram тармагында “Колдонуучуларыбыздын ишенимдүүлүгү башкы артыкчылыгыбыз. Эрежелерибизге ылайык биздин платформа аркылуу адам сатуу сыяктуу кылмыштуу ишмердиктерди жүргүзүүгө тыю салат. Мындай мазмундагы жазууларды дароо өчүрөбүз”,-деген жазуу бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!