Кайындарынын акчасына Америкада эс алган адам камалды

Кайындарынын акчасына Америкада эс алган адам камалды
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 18:05

Англиянын Лестер шаарында лимфаларына рак болгонун айтып жубайын ишендирген адам алты айга камалды. Ал кайын журтунан дарыланууга 2 миң стерлинг алып Америкага эс алып келген.

35 жаштагы Девид Карроллдун абак жазасы алынды. Ордуна эки жыл коомдук жумушка тартылып, 2 миң стерлин компенсация төлөгөнү калды.

Соттун маалыматы боюнча Каррол 2006-жылы таанышкан жубайына үйлөнө электе рак болгонун айткан.

2015-жылы оорусу өтүшүп кеткенин, 5-10 айлык өмүрү калганын айтып, буту баспаган кайын энесинен АКШда дарыланууга акча алган. Ага достору да түрдүү өнөктүктөрдү уюштуруп, акча топтоп берген.

Чогулган акчаларда АКШда эс алып жүргөнү белгилүү болгондо жубайлар ажырашты.

Өзүн оорулуу деп далилдеш үчүн досун доктур деп тааныштырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!