“Microsoft”тун түзгөндөрдөн Пол Аллен көз жумду

“Microsoft”тун түзгөндөрдөн Пол Аллен көз жумду
16-Окт. 2018, Шейшемби, 12:11

20.3 миллиарддык байлыгы менен дүйнөдөгү байлардын катарын толуктаган Пол Аллен 65 жашында рак дартынан АКШнын Сиэтл шаарында көз жумду.

Ал ээлик кылган Вулкан инвестициялык ишканасы тараткан билдирүүдө “Microsoft”тун түзүүчүлөрүнүн бири, технология тармагында адис, кайрымдуу адам, коомдук ишмер, эколог, музкант, жетекчибиздин дүйнөдөн кайтканына кайгырып жатабыз”,-деп жазылган.

Пол Аллен 1975-жылы Билл Гейтс менен Microsoft компаниясын түзгөн. Оорусунан улам ишканадан бираз мурда кеткен.

“Forbes” журналынын рейтинги боюнча 20.3 миллиард долларлык байлыгы менен миллиардерлердин тизмесинде 21-орунда турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!