Хэллоуинди майрамдоого 9 миллиард доллар жумшалат

Хэллоуинди майрамдоого 9 миллиард доллар жумшалат
19-Окт. 2018, Жума, 11:41

Аналитиктер америкалыктардын Хэллоуинге короткон чыгымын эсептеди. Аталган майрам 31-октябрда белгиленет.

2018-жылы мындай чыгым аз дегенде 9 миллиард долларды түзөрүн Улуттук федерация эсептеди.

Орточо чыгым бир адамга 86,79 доллар туура келет.

3,2 миллиард доллар костюмга, 2,7 миллиард доллар кооздогонго, 2,6 миллиард доллар кондитердик азыктарга жана 400 миллион доллар куттуктоо открыткаларына жумшалат. Хэллоуинде көп каражат үй жаныбарларынын кийимине бөлүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!