Путин Өзбекстанга келди

Путин Өзбекстанга келди
19-Окт. 2018, Жума, 15:33

Россиянын президенти мамлекеттик иш сапары менен Ташкентке келди. Бүгүн, 19-октябрда Владимир Путин Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугат.

Анда тышкары мамлекет башчылары бул жылы айыл чарба темасына арналган Аймактар аралык кызматташтык форумуна катышат. Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосуна алгачкы жолу болуп отурат.

Россиялык лидер Эгемендик жана гуманизм монументине гүл коет. Ошондой эле Өзбекстандагы биринчи АЭСтин курулушу менен таанышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!