13 адамды жеген кабыланды кармоого 150 адам жалданды

13 адамды жеген кабыланды кармоого 150 адам жалданды
19-Окт. 2018, Жума, 18:03

Индиянын батышындагы Махараштра штатында 13 адамды өлтүргөн кабыланды кармоого 150 мергенчиден турган топ түзүлдү.

“Daily Star” гезитиндеги кабарга ылайык жырткыч жаныбарды өлүү же тирүү кармоо боюнча 10 айдан бери жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аймак жетекчилиги 150 мергенчиден турган топту милдеттендирди. Акыркы эки жылда 13 адамды өлтүргөн кабыланды көргөн жерден атууга буйрук чыгарылды.

Жаныбарлардын укугун коргоочулар бул мыйзамды кайтаруу үчүн жасаган аракеттерин Жогорку Сот четке какты.

Дүйнөдө кабыландардын жарымынан көбү байырлаган Индияда 2014-жылдагы маалыматка ылайык мындай жаныбардын 2 миң 226сы жашайт.

Эл жашаган аймактар токойго жакындагандыктан жаныбарлар адамдарга кол салган учур көп кездешүүдө. Табигый жайлар азайганда жапайы жаныбарлар тамак таап жегени эл жашаган аймактарга жакындоодо.

Акыркы учурларда адамдар леопарддарга жем болгон учурлар көп катталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!