Мэн Хунвэйдин жубайы: “Тирүү экенине ишене албай жатам”

Мэн Хунвэйдин жубайы: “Тирүү экенине ишене албай жатам”
20-Окт. 2018, Ишемби, 12:40

Кытайга зыяраты учурунда камакка алынып, андан соң кызматынан кеткени жарыяланган Interpol уюмунун президенти Мэн Хунвэйдин жубайы Грейж Мэн жолдошунун коопсуздугунан тынчызданып жатканын айтты. Ал “Саясий кыйноо деп ойлойм. Тирүү экенине ишене албай жатам”,-деди.

Өзү да Францияда бутага алынып жатканын айткан Мэндин жубайы “Күчтүү болууга аргасызмын. Президенттердин үй-бүлөлөрү, балдарын биз сыяктуу болушун каалабайм”,-деди.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин паракорчулук менен күрөштүн алкагында бир миллиондон көп жетекчинин жазаландырары айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!