Шишкебекке жапырт уулангандардын арасында көз жумгандар бар

Шишкебекке жапырт уулангандардын арасында көз жумгандар бар
27-Окт. 2018, Ишемби, 09:14

Наманган облусунун Чуст районунда тамакка ууланып эки киши набыт болду, дагы алтоо аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, 21-октябрда Чуст районунда жергиликтүү базардын жанындагы ашканадан тамактанган отуздай киши аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жеткирилген.

“Бул ашканага келген кардарлар шишкебек жешкенден кийин ооруканага түшүшкөн. Өткөн жекшембиде райондук оорукана уулангандарга толуп калды. Эл өлгөндөрдүн саны тогузга жеткенин, ондогон киши ооруканага жаткырылганын айтууда. Уулануу болгондон кийин базарга жакын ашканалардын баары жабылды. Азыр текшерүү жүрүп жатат”,–деди жергиликтүү тургундардын бири.

Чуст райондук ооруканасынын дарыгери купуялуулукту сактоо шарты менен тамакка ууланып эки киши өлгөнүн, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Наманган облусунан жана Ташкенттен адистер чакыртылды.

Чуст райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Зайлиддин Анаркулов уулангандарга ичеги-карын иерсиниозу диагнозу коюлганын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Асылбек Жээнбеков: Өзүбүздүн ишкерлерди колдоого алышыбыз керек
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
Уктоо абалыңыз сиз тууралуу эмне дейт?
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
​19-март: күндүн табы 20 градуска чейин ысыйт
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Желим баштыкты тое жеген кит өлдү
Назира Айтбекова:
Назира Айтбекова: "Двоечниктер" бириктиңер, тикенектей кирипсиңер...
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
​Заводду реконструкциялоого 2 млн. доллар керек
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
Чыпалак баатыр: Хабиб экөөбүз дос болуп кеттик (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
​Футбол дүйнөсүн күлдүргөн пенальти катталды (видео)
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Чет өлкөлөрдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат
Кыргызча  хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Кыргызча хит ырлар орусча ырдала баштады (видео)
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Мира Койчубекова “Мөл булак” ырына жаңы “өмүр” берди (видео)
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Жаш балдардагы какач канчалык кооптуу?
Сел каптап 50 адам көз жумду
Сел каптап 50 адам көз жумду
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты
Макгрегор июль айында октагонго кайтаарын айтты