Окуучу мугалимдин мурдун сындырды

Окуучу мугалимдин мурдун сындырды
29-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 10:10

24-октябрда Ташкенттеги №160 орто мектептин 9-классынын окуучусу сабак маалында физика мугалиминин мурдун сындырган. Мектеп жетекчилиги бул окуяга мугалимдин өзүн айыптап, окуучу жөн гана коргонгонун билдирүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, физика мугалими Денис Рундаев сабак убагында музыка угуп отурган кызга эскертүү бергенден кийин ага окуучулардын бири болушуп, мугалимди уруп жиберген.

"Мугалимдин мурду сынган. Мындан тышкары окуучу аны бетке, курсакка да урган. Бизде тиешелүү медициналык маалымкаттар бар», — деп билдиришти шаардык билим берүү башкармалыгынан.

Окуя болгон мектептин директорунун жардамчысы Ирина Казакованын билдиришинче, «мугалим мурдун сындырган окуучунун кечиримин кабыл алды». «Бул окуядан кийин ата-энелер чогулушун өткөрдүк. Мугалимге кол көтөргөн окуучунун атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бала мугалимден кечирим сурады. Бул окуяга мугалим өзү күнөөлүү болгон. Ал биринчи окуучуга кол көтөрүп, бала өзүн коргогон», — деди ал.

Бирок мектептин мугалимдеринин бири жетекчилик бул ишти жайылтпастан болушунча тезирээк бүтүрүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө. «Ал чогулушка мен дагы катыштым. Директор баарыбызга бул окуяны сыртка чыгарбагыла деп тапшырма берди. Физика мугалими директордун басымы менен арызын кайра алды. Ага кол көтөргөн окуучу мектептен чыгарылды», – деди мугалим.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы