Пандага жакындагандар айып пул төлөйт

Пандага жакындагандар айып пул төлөйт
29-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 10:41

Сычуань провинциясынын бийлиги туристтерге пандаларга жакындоого, сүрөткө түшүүгө жана тамак берүүгө болбой турганын эскертти. «China Daily» гезитиндеги маалыматка ылайык аталган аймактардагы коруктарга көз салуу максатында күнү түнү иштей турган видео көзөмөлдөр орнотулду.

Ал тургай Интернет айдыңында эреже бузгандарга 150 доллар айып пул салынары тууралуу кептер тарады.

Өлкө мыйзамына ылайык туристтер сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө жана жаныбарларга жакындоого тыюу салынган.

Мындай чаралар пандаларды түрдүү инфекциялардан коргоо максатында каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!