Путин учак кырсыгына байланыштуу кесиптешине көңүл айтты

Путин учак кырсыгына байланыштуу кесиптешине көңүл айтты
29-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 17:33

Россиянын президенти Владимир Путин Индонезиянын лидери Джоко Видодого Ява аралынын жээгинде болгон учак кырсыгына байланыштуу көңүл айткан телеграмма жолдоду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлаган.

«Россия эли кырсыкта көз жумган жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт»,-деп белгилеген мамлекет башчы.

Индонезиянын Lion Air авиакомпаниясы Boeing 737 MAX 8 учагы Джакарта аэропортунан көтөрүлгөндөн 13 минут өткөндө кыйраган. Ичиндеги 189 адамдан аман калгандар болгон эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!