Антарктидага аэропорт курулат

Антарктидага аэропорт курулат
29-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 17:48

Кытай Антарктидада аэропорт куруу боюнча масштабдуу долбоор баштаганы турат. Бул туурасында “Keji Ribao” басылмасы кабарлаган.

Анда идеяны ишке ашырууга көп жыл керектелери жазылган. Ошондой эле аба майданы материктин бетин каптаган муздун үстүнө жайгашары белгиленген.

«Инфраструктурада учуу конуу тилкеси жана аба терминалы болот. Аэропорт туристтик топторго жана изилдөө жүргүзүүчү экспедицияларга арналат. Ал үчүн муз катмары текши жайгашкан жер тандалды”,-деп жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!