Статусуна кайыл болгон принцесса жөнөкөй жигитти тандады

Статусуна кайыл болгон принцесса жөнөкөй жигитти тандады
30-Окт. 2018, Шейшемби, 09:50

Үйлөнүү үлпөтүнөн кийин ал императордун үй бүлө мүчөлүк статусунан ажырайт. Бирок айрым иштерин улантат.

Япониянын императору Акихитонун карындашы принцесса Аяко жөнөкөй жигитке же өлкөдөгү ири Nippon Yusen компаниясында иштеген Кэя Морияга турмушка чыкты.

Иш-чара Токиодогу "Мэйдзи" синтоист чиркөөсүндө өттү. Ага туугандары жана досторунан турган отуздай адам катышты. Үйлөнүү үлпөтүндө орто кылымдагы жаны учурдагы салттар айкалыштырылган. Синтоисттик жөрөлгөлөр менен өтсө да жубайлар батыштагыдай бири-бирине шакек тагышты. Аяко Хэйан эпохасындагы (794–1185 гг) айымдардай жасалгаларды тандаган. Ал кездегидей көйнөк кийип, салттуу чач жасалгасы сакталган. Ал эми күйөө жигит заманбап стилди тандаган.

Аяко жөнөкөй жигитке турмушка чыкканы үчүн императордук үй-бүлөнүн мүчөсү статусунан ажырайт. Антсе да айрым иштерин аткарып, эки коомдук уюмду жетектейт.

Мыйзамга ылайык Аяконун калыңына өлкөнүн казынасынан 950 миң доллар бөлүндү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!