100 бейтапты өлтүргөн медбрат сот алдында жооп берет

100 бейтапты өлтүргөн медбрат сот алдында жооп берет
30-Окт. 2018, Шейшемби, 16:57

Германиянын түндүгүндөгү Олденбург шаарынын соту 100 бейтаптын өлүмүнө шектелип жаткан мурдагы медбрат Нильс Хегелдин ишин карайт. “BBC” кызматынын маалыматына караганда 41 жаштагы адам дарыны ашыкча өлчөмдө сайган. Андан соң аларды куткарууга аракет кылып, жамаатына таасирлүү көрүнгүсү келген.

Бул ишке байланыштуу материалдарга ылайык ал 1999-2005-жылдар аралыгында Олденбургда 36, Дельменхорсто 64 бейтапты өлтүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!