Трамп: «Чатыр тигебиз, жаңы төрөлгөндөргө жарандык бербейбиз»

Трамп: «Чатыр тигебиз, жаңы төрөлгөндөргө жарандык бербейбиз»
31-Окт. 2018, Шаршемби, 10:33

Мексикадан миңдеген мигранттар АКШга келе жатканын, аларды тосууга 5 200 аскерди түштүк чек арага жөнөткөнүн айткан Дональд Трамп «Армия сиздерди күтүп жатат» деди. Эми ал «Барыңарды чатыр шаарларга жайгаштырам. АКШда төрөлгөндөргө жарандык берилбейт»,-деп коркутту.

«Fox News» телеканалына маек берген президент 6-ноябрдагы Конгрессти шайлоонун алдында мигранттарга каршы сөздөрүн кайталады.

«Бул мамлекетке кирүүгө уруксат бербейбиз. Башкалка боюнча кайрылуулары болгон болсо ал изилденгенге чейин ал жакта кармалат»,-деген өлкө лидери мигранттар үчүн чатыр шаарлар куруларын айтты.

Бирок ал жайлар үчүн жүз миллиондогон доллар коротпой турганын белгилеген Трамп «Көп жерлерге чатыр тигебиз. Ал жакта күтүшөт. Баш паанек боюнча кайрылуусу кабыл алынбагандар артка кайтышат. Аялдар балдардан турган топтун арасында көп сандаган мафия мүчөлөрү, жаман адамдар да бар»,-деген президент Демократ партияны «чек араларды ачык койгон жана жаман иштерди жактаган» деп айыптады.

Айрыкча өлкө башчысы АКШга уруксатсыз кирген мигранттардын бул жакта төрөлгөн балдарына жарандык берүүнүн мыйзамдын негизинде токтотууну пландап жатканын кошумчалады.

«Дүйнөдө бир гана бизде мүмкүн»

Мындай чечим чыгарса соттор каршы болорун белгилеген Дональд Трамп "Бул үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып жатышат. Бирок бул туура эмес. Президенттин чечими менен ишке ашырса болот. Бир аял келип төрөсө ал бала толугу менен Американын жараны болот. Мындай нерсе биздин гана мамлекетте, бир гана бизде мүмкүн экен. Бул абдан түшүнүксүз. Буга чекит кою керек»,-деди лидер.

Трамп «күлкүлүү» деп сыпаттаган мыйзам Конгресс тарабынан 1868-жылы кабыл алынган АКШ Конституциясынын 14-беренесинде жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы