Авиакырсык: кыйроого бир мүнөт калганда эмне болгон? (видео)

Авиакырсык: кыйроого бир мүнөт калганда эмне болгон? (видео)
31-Окт. 2018, Шаршемби, 15:42

Социалдык тармакта “Lion Air” компаниясынын “Boeing 737” учагынын жүргүнчүлөрүнүн бири кырсыкка бир мүнөт калганда тарткан видеосу пайда болду. Аталган видеону 29-октябрь күнү индонезиялык өзгөчө кырдаалдар агенттиги “Твиттердеги” баракчага жарыялаган.

Видеодо катуу кыйкырык, ызы-чуулар угулат. Жүргүнчүлөр үчүн бул алардын акыркы мүнөттөрү экени белгилүү болгон. Себеби видео жазуунун аягында “Аллах Акбар” деген сөздөрдү так угууга болот.

https://twitter.com/Sutopo_PN/status/1056862370469793792

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!