Индиялыктар дүйнөдөгү эң бийик статуяны курду

Индиялыктар дүйнөдөгү эң бийик статуяны курду
31-Окт. 2018, Шаршемби, 17:12

Индиянын Гуджарат штатында дүйнөдө 182 метрге жеткен эң бийик статуя орнотулду. Ага Биримдик деген аталыш берилди.

Жаңы монумент Бразилиядагы Христ (38 м) жана АКШдагы Эркиндик статуясынан (93 м) бийик.
Эстелик Махатма Гандинин жолун уланткан, Индиянын штаттарын бир мамлекетке чогулткан Валлабхаи Пателдин урматына орнотулган.

Курулушуна беш жыл кеткен, 430 миллион долларга пландалган долбоор бир топ сынга алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!