АКШ пропаганда менен күрөшүүгө 40 миллион доллар бөлдү

АКШ пропаганда менен күрөшүүгө 40 миллион доллар бөлдү
1-Ноя. 2018, Бейшемби, 10:10

Кошмо Штаттар чет өлкөлүк пропаганда менен күрөшүү үчүн 40 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Палладино билдирди.

Акчаны Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору алды. Мекеме Россия, Иран жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн маалыматтык таасиринен коргоо чараларын камсыздоого жооптуу болот.

Кеп жалган маалыматтарды эрте аныктоо технологиялары, чет элдик аудиторияларды иликтөө, жергиликтүү ММКлар жана фейк жаңылыктардын бетин ачкан өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышты өнүктүрүү жөнүндө болуп жатат.

Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору Барак Обама президент болуп турганда түзүлгөн, ал АКШ Мамлекеттик департаментинин түзүмүнө кирет. Башында борбор көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топтордун пропагандасына каршы күрөшүү менен алектенген. 2017-жылдын башынан тарта уюм Россия боюнча да иштей баштаган.

АКШда Россиянын президенттик шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Москва айыптоолорду четке кагып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы