Цирктерде жапайы жаныбарларды ойнотууга тыюу салынат

Цирктерде жапайы жаныбарларды ойнотууга тыюу салынат
1-Ноя. 2018, Бейшемби, 13:21

Португалиянын парламенти цирктерде жапайы жаныбарларды пайдаланууга тыюу салган мыйзамды добушка койду. Анда жапайы жандыктар аренадан 2024-жылга чейин жок болушу керектиги жазылган.

Цирктердин ээлери жаныбарларды өкмөттүк реестрлерге киргизиши керек. Андан соң алар Португалия же башка мамлекеттердеги жаратылыш сыяктуу ыңгайлаштырылган жайларга жайгаштырылат.

Мыйзам долбоорунун авторы жаныбарлардын орду арена эмес экендигин, эл аларды кыйналганын көрбөй эле эс алса болорун белгилеген. Ошондой эле цирк ээлерине компенсация төлөнөрүн убада кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!