Карызы бар жарандардын жарыгы өчүрүлүүдө

Карызы бар жарандардын жарыгы өчүрүлүүдө
2-Ноя. 2018, Жума, 09:21

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунун бийлиги калкка көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтардын, газдын, электр жарыгынын жана суунун акысын төлөтүү үчүн мажбурлоо чараларын көрүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бийлик мажбурлоо чарасы катары карызы бар жарандардын газын өчүрүүдө.

«Газ чарбачылыгынын кызматкерлери ченөө жабдууларынын бар-жогун текшерип, эсептегичтеги көрсөткүчтөрдү жазып, дүмүрчөктөр менен башка документтерди талап кылып жатышат. Бир гана кагазы жок болуп калса айыппул жазып, карызы барлардын газын өчүрүп кетүүдө. Талап кылынган документтердин арасында ченөө жабдуусунун мамлекеттик стандарт тарабынан ырасталган сапат тастыктамасы, инвентардык китепчеси, жашаган адамдардын тизмеси жана үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат бар», — деп жазды басылма.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, учурда коммуналдык кызматтар үчүн карызы барларды жазалоо иштери массалык түрдө жүргүзүлүп, Газ чарбачылыгынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үймө-үй кыдырып рейд өткөрүшүүдө.

Азырынча Дашөгүз облусунда канча адамдын коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар экендиги жана алардын канчасы газсыз, электр жарыгысыз калганы белгисиз. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!