Хэллоуинде маңзат кошулган таттуу таратылды

Хэллоуинде маңзат кошулган таттуу таратылды
2-Ноя. 2018, Жума, 09:53

Американын Огайо штатында беш жаштагы Брейлен Каруэлл Хэллоуин майрамынан кийин ууланып ооруканага жаткан.

"Мен байпак кийгенден кийин калтырай баштадым. Анан манжаларым кыймылдабай калды”,-деген Брейлен WBNS-TV телеканаланда айткандарында.

Баланы атасы дароо ооруканага алып барган. Анализдин жыйынтыгында баңгизат чыккан. Ата-энеси мындай зат баланын организмине таттуулар аркылуу киргенин болжолдоодо. Бирок Брейлен майрамда эч нерсе жебегенин, болгону оозуна желим тиш такканын айткан.

Антсе да полиция Брайан майрамдан алып келген бардык таттууларды экспертизага жиберди.

Телеканалдын маалыматына караганда баланын ата-энеси мурда наркоман болгон. Бирок көп жылдан бери тыюу салынган заттарды колдонбой калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР