Дүйнө лидерлери элин канчага чейин башкарат?

Дүйнө лидерлери элин канчага чейин башкарат?
2-Ноя. 2018, Жума, 11:24

Bloomberg компаниясы дүйнө лидерлери бийликте канча каларына байланыштуу анализ чыгарды. Божомолдордо саясаттагы абал, өзгөрүүлөр эске алынды.

Анда Ангела Меркель жана Тереза Мэй беш жылдан кийин саясий аренадан кетери жазылса, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкөсүн көпкө башкарары жазылган.

Bloomber компаниясынын Дүйнө лидерлеринин саясаттагы абалын изилдөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык Франциянын лидери Эмануэль Макрон жана Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед ибн Салман алты ай аралыгында саясаттан кетиши мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп 2024-жылга чейин чыдаары болжолдонуп, кайра шайланууга мүмкүнчүлүгү болору болжолдонгон.

Келерки жылы шайлоого бара турган Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса жана Аргентинанын лидери Маурисио Макринин абалы кыйын. Май айына чейин Brexit макулдашуусуна жетишүүгө аракет кылган Тереза Мэй да түрдүү кептерге кабылууда. Ал эми Япониянын пермьер-министри Шинзо Абэ 2021-жылы кызматын тапшырып бериши күтүлөт.

Анализдерге ылайык Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун орду акыры абак болору болжолдонгон. Бирок дагы бир мөөнөткө иштеши мүмкүн экени жазылды.

79 жаштагы Ирандын руханий лидери Али Хаменеи өмүрүнүн акырына чейин бийликте калчудай көрүнөт.

Маалыматка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2024 же 2028-жылга чейин бийликте болушу мүмкүн. Анализде Россиянын президенти Владимир Путиндин мөөнөтүн чектелип, 2024-жылы бийликтен кетери болжолдонгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди