Майк Пенс: Стратегиялык чыдам доору аяктады

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Түштүк Кореяга иш сапары менен барган Американын вице-президенти Майк Пенс Түндүк Кореяга карата саясат өзгөрүлөрүн айтты.

Президент Дональд Трамптын орун басары “Стратегиялык чыдам мезгили болгон. Бирок бул доор аяктады. Максатка жетүүчү жана бул мамлекеттеги элдин туруктуулугун сактоо боюнча бардык варианттар каралып жатат”,-деп баса белгиледи. Ошондой эле Пенс Корей жарым аралындагы тынчтыкка күч аркылуу умтулушарын кошумчалады.

Американын вице-президенти Майк Пенстин Түштүк Кореяга болгон иш сапары Корея мамлекетин негиздеген Ким Ир Сендин 105 жылдыгына карата учурулган ракета сынактан ийгиликтүү өтпөгөн учурга дал келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!