Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө аныкталды

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүткүл дүйнөдөгү экономика форумунун адистери эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингин жарыяланды. Бул тууралуу “Лента ру” сайты кабарлайт.

Тизмеге баардыгы болуп 136 мемлекет кирген. Өткөн жылы көч башында турган Финляндия быйыл да дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп аталды. Экинчи орунда Бириккен Араб Эмирликтери орун алса, үчүнчү орунда Исландия мамлекети жайгашкан.

Россия тизменин–109-орунунда.

Ал эми Колумбия (136), Йемен (135) жана Сальвадор (134) өлкөлөрү рейтингдин акыркы орундарын ээлешкен.

Тизмекти түзүүдө өлкөдөгү куралдуу кагылыштар, кылмыш деңгээли жана террористтик кооптуу абалдар сыяктуу факторлор эске алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!