9 жаштагы бала 98 жылдан берки тыюну алдыртты

9 жаштагы бала 98 жылдан берки тыюну алдыртты
6-Дек. 2018, Бейшемби, 17:24

АКШнын Колорадо штатында жашаган 9 жаштагы Ден кар чабышууга 98 жылдан бери тыю салынганын билгенде абдан капаланган. Оюндун уланышын каалаган бала достору менен биргеликте аймак башчысына кайрылган.

“Демократиянын эң жакшы тарабы жаш куракка бөлбөгөнү”,-деген мэр Дендин талабын уккан.

Баланын арызын туура деп тапкан жетекчи 98 жылдан бери тыю салынган тоголоктолгон кар менен чабышып ойноого арасына таш кошпоо шарты менен уруксат берди.

Ден “Ар бир адам чеги менен ойносо болот. Тыю токтотулганга ыраазымын”,-деди.

АКШда кар тоголоктоп чабуу таш менен урганга барабар экени эске алынып, 1920-жылы мындай аракеттерге тыю салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!