Юпитердин экинчи ири эгизи табылды

20-Апр. 2017, Бейшемби

Эл аралык астрономдор тобу газдуу эң чоң “MOA-2016-BLG-227Lb” деп аталган Юпитерден үч эсе оор планетаны таап чыгышкан. Бул экзопланета Жерден 21 миң жарык күн алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу “Phys.org” сайты жазып чыккан.

“MOA-2016-BLG-227Lb” планетасы 2016-жылы “MOA-II” телескобунун жардамы менен Маунт Джон университетинин обсерваториясында табылган. Аны микролинзалуу гравитациялык негиздеги метод аркылуу изилдеп чыгышкан. Бул көрүнүш жарык нурларынын жүрүштөрүн бир астрономиялык объектиден дагы бир асман телосу тартылуу талаасынан келип чыккан. Башка телескоптор менен байкоо жүргүзүү планетанын негизги параметрлерин аныктоого жол берген.

Астрономдордун изилдөөсү боюнча бул объект Супер-Юпитер деп аталган планеталардын классына кирет. Себеби анын массасы Күн системасындагы эң чоң планеталардан ашып түшөт. Бирок алар термоядролук реакциялардан агып өтүүчү күрөң кичине (карлик) планета болуу үчүн жеткиликтүү чоң эмес. Экзопланеталар анча чоң эмес кызыл же сары жылдыздардын айланасында айланып жүрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!