Вертолет кырсыкка учурап губернатор каза болду

Вертолет кырсыкка учурап губернатор каза болду
25-Дек. 2018, Шейшемби, 16:39

Мексикада вертолет кырсыкка учурап, жыйынтыгында губернатор Марта Эрика Алонсо жана анын депутат күйөөсү каза болду. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги кабарлады.

Өлкө башчы Андрес Мануэль Лопес Обрадор каза болгондордун туугандарына көңүл айтуу менен бирге, бул окуянын чоо-жайы тактала тургандыгын белгилеп өттү.

Акыркы маалыматка ылайык, техникалык мүчүлүштүктөн улам вертолёт кырсыкка учураган деп айтылууда.

Мексиканын коопсуздук министири Альфонсо Дурасо губернатор Agusta A109 вертолётунда бара жатканын, анын учуусуна тийиштүү бардык уруксат кагаздарынын болгондугун кошумчалап өттү.


Алардан сыркары дагы үч адам тик учакта болгондугун аталган министр белгилеп өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!