АКШда учак үйлөрдүн үстүнө кулады (видео)

АКШда учак үйлөрдүн үстүнө кулады (видео)
26-Дек. 2018, Шаршемби, 12:27

АКШда учак Су-Фолс шаарында жайгашкан үйлөрдүн үстүнө кулады. Окуя Түштүк Дакота штатында катталган. Ошондой эле, бир канча үйлөрдүн өрттөнгөндүгү айтылат.

Окуядан улам, бир адам каза болгон. Бул тууралуу “Argus Leader” агенттиги кабарлады.

Акыркы маалыматка ылайык, каза болгон адам учактын пилоту болгон. Дале болсо, өлгөндөрдүн саны такталууда. Буга утурлай, эки үйдүн күйүп кеткендиги жана төрт үйдүн тургундары коопсуз жерге көчүрүлгөндүгү айтылат.

Учурда полиция кызматкерлери окуя боюнча иш алып барууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!