Иранда президенттикке талапкерлер белгилүү болду

21-Апр. 2017, Жума

Иранда 19-майда өтө турган президенттик шайлоонун талапкерлери белгилүү болду. Тандалган алты адамдын катарында учурдагы президент Хасан Рухани жана консервативдүү диний ишмер Ибрагим Раиси бар. Ал эми экс-президент Махмуд Ахмадинежаддын талапкерлигинен баш тартылды.

Конституцияны коргоочулар кеңеши талапкерлигин койгон 1 миң 636 адамдан алтоонун кайрылуусун кабыл алды жана шайлоого катышууга уруксат берди. Аталган кеңеш экс-президент Махмуд Ахмединежад жана анын орун басары Хамид Бекаинин талапкерлигин кабыл алган жок.

19-майда өтө турган президенттик шайлоодогу күчтүү талапкерлер катары Хасан Роухани жана консервативдик диний ишмер Ибрагим Раиси айтылууда.

Ирандын президенттигине талапкерлердин теги ирандык болуусу шарт. Ошондой эле өлкөнүн жараны болгондугу, лидерлик сапаттары эске алынат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!